KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун Сот департаментинин жаңы директору дайындалды

27 мая 2020

2020-жылдын 27-майында, Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева, Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлерине жаңы жетекчи Кожомбердиев Урмат Мелисовичти тааныштырды.


Урмат Кожомбердиев бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.


Мамлекеттик каттоо кызматына дайындалганга чейин У.М.Кожомбердиев узак убакыт бою Сот департаментинде ар кандай кызматтарда эмгектенген. 2012-жылдан 2014-жылга чейин Сот департаментинин директору болуп иштеген.


Буга чейин Сот департаментинин директору кызматын аркалаган Капалов Кубанычбек Максатбекович башкы сот аткаруучу — Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот аткаруучулар кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.


Видео-блок

УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү
Кабарда судьялар жаңы электрондук билдирүү системасы тууралуу маалымат беришти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...