KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Отставкадагы судья Молдозак Ибраимов дүйнө салды

01 июля 2021

Отставкадагы судья Ибраимов Молдозак Исмаиловичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Жогорку соттун судьялары, жергиликтүү соттор жана Аппарат кызматкерлери маркумдун жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Молдозак Ибраимов Талас облусунун Манас районундагы Май айылында 1957-жылдын 9-январында туулган. Эмгек жолун 1977-жылы баштаган. 1998-жылга чейин Казакстан жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында эмгектенген. 1998-2003-жылдар аралыгында Талас облусунун арбитраждык сотунда, 2003-2004-жылдары Талас облустук сотунда судьялык кызматтарды аркалаган. 2004-жылы Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 2013-2016-жылдар аралыгында Талас облустук сотунун төрагасы, 2016-2019-жылдары Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары кызматтарында иштеген.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Молдозак Ибраимов I класттагы квалификациялык чен ыйгарылган.


Молдозак Ибраимов – бир катар наамдардын жана сыйлыктардын ээси. Анын ичинде Жогорку соттун II даражадагы “Кыргыз Республикасынын сот системасынын отличниги” медалы менен сыйланган.


Сот тутумундагы кызматкерлер Молдозак Ибраимовдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготууга байланыштуу кайгыларын тең бөлүшөт.


Видео-блок

Медербек Сатыев Нарын областындагы соттор үчүн курулуп жаткан объектилерди текшерди
Соттордун Ысык-Көлдөгү "Фемида" пансионаты жана андагы келечек пландар
Катуу чаралар көрүлөт. Соттор боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыкты
Жогорку Сотто Пленум болду
Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот — тез, ыңгайлуу жана кагаз эсеп-дүмүрчөксүз

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...