KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жаңы дайындалган судьялардын кесипкөйлүгүн жана моралдык-этикалык сапаттарын жогорулата турган насаатчы судьяларды кайрадан жандантуу жана күчөтүү керек

26 августа 2020

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялары менен болгон жолугушууда билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Г.Калиева  судьяларды коомчулук  менен ачык  жана таза иштөөгө чакырып, жогорку жана орто окуу жайларда укук жана сот системасы туурасында лекцияларды уюштуруп, кесиптик жөндөмдүүлүктү жогорулатуу боюнча соттордун өзүндө тренингдерди уюштурууну айтты.


Мындан тышкары, элдин сотторго болгон ишенимин калыбына келтирүүгө багытталган бир катар маселелер талкууланды.


Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы көз карандысыз, адилет чечимдерди кабыл алуу үчүн  жергиликтүү соттун материалдык-техникалык жактан камсыздалышы, онлайн угууларды  өткөрүүнүн шарттары менен таанышты.


Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими боюнча сот тутумун оптималдаштыруунун алкагында  Биринчи май райондук сотуна аймактардагы  жергиликтүү соттордон 14 судья  ротацияланган.


Видео-блок

Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?
Номад ТВ: Что изменится в судебной системе Кыргызстана
Ваше мнение — это ваш вклад в совершенствование правосудия!
Сиздин пикириңиз – сот адилеттигин жакшыртууга кошкон салымыңыз!
Сот системасы кескин өзгөрүүгө муктаж. Жогорку сот 6 айдын жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...