KG
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Подать обращение

Нургуль Бакирова: Элдин сот тутумуна болгон ишенимин кайтарууга болгон аракеттер улантылышы керек

19 февраля 2021

2021-жылдын 19-февралында Бишкек шаардык сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль  Бакированын катышуусунда Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун 2020-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыктоочу кеңешме болуп өттү.


Кеңешмеге Жогорку соттун төрайымын орун басары  Нургүл Асанова, Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, Бишкек шаарындагы райондук соттордун  жана Бишкек шаардык сотунун судьялары катышышты.


Райондук соттордун төрагалары, Бишкек шаардык сотунун төрагасынын жарандык-экономикалык, кылмыш иштер жана жоруктар, административдик иштер боюнча орун басарлары ɵткөн жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды өз баяндамаларында айтып өтүштү.


Жолугушуунун катышуучулары сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, ишти кароонун сапаты боюнча статистикалык маалыматтар менен таанышышты. Ошондой эле иштерди кароодо келип чыккан маселелер талкууланды.  Бишкек шаарынын райондук сотторунун судьяларына Бишкек шаардык сотуна даттанылган иштердин жокко чыгарылышы жана өзгөртүлгөн көрсөткүчтөрдүн негизинде, иштерди кароодо кетирилген бардык кемчиликтер көрсөтүлдү.


Ошондой эле, Бишкек шаардык сотунун төрагасы Азамат Алыбаев  региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында учурда сот адилеттигин автоматташтыруу жана ювеналдык юстиция боюнча жигердүү иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи.


Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун 2020-жылдагы иш-аракеттеринин жыйынтыгына өзгөчө басым жасалды. Жалпысынан райондук соттор тарабынан иштерди кароонун сапаты 2019-жылдын ушул мезгилинин деңгээлинде сакталып 72,75% түздү. Ошол эле учурда,  айрым райондук соттордо ишти кароонун сапатын жогорулатуу боюнча оң тенденция байкалууда.


Жолугушуунун жүрүшүндө, иштерди кароодо процесстик мөөнөттөрдү сактоо боюнча маселелер көтөрүлүп, Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун ишин өркүндөтүү зарылдыгы жөнүндө маселелер талкууланды.


Сот адилеттигинин натыйжалуулугу көбүнчө судьялардан, алардын кесиптик даярдыгынан жана сот практикасынын бирдиктүү колдонулушунан көз каранды болгондугуна байланыштуу, судьялардын көңүлү алардын квалификациясын дайыма жогорулатып турууга бурулду.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль  Бакирова   сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы бирдей тажрыйбага жетишүүгө,  иштерди өз мөөнөтүндө процессуалдык нормаларды сактоо менен кароого чакырды.


Ошону менен бирге эле Бишкек шаардык сотунун жана төрт райондун жыл жыйынтыгы менен жакшы көрсөткүчтөргө  жетишкен судьяларына  ийгиликтерди каалап, мындан ары дагы судьялар элдин сот тутумуна болгон ишенимин кайтарууга   аракеттерди  жасаш  керек экендигин белгиледи.