KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нурлан Мусаев: «Процессуалдык мыйзамдардын нормаларын так сактоо маанилүү»

26 мая 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 26-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жергиликтүү соттордун криминалист — судьялары менен видеоконференция аркылуу кеңешме өткөрдү.


Жыйынга Жогорку соттун судьялары Качыке Эсенканов, Аскат Сыдыков жана Инара Гилязетдинова катышышты.


Төраганын орун басары белгилегендей, буга чейин жергиликтүү соттордун судьяларына усулдук жана практикалык жардам көрсөтүүнүн алкагында Жогорку соттун судьялары бир катар жергиликтүү соттордо болушуп, анын натыйжасында тиешелүү жыйынтыктар чыгарылган. Сот адилеттигин ишке ашырууда процессуалдык укуктун нормаларын так сактоо, сот актыларын жазууда мыйзам бузууларга жол бербөө, Пленумдун токтомдорунда көрсөтүлгөн түшүндүрмөлөрдү так аткаруу, зарыл болгон учурда Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультативдик кеңешке кайрылуу тапшырылды.