KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун тергөө органдарына кайрылуусу

14 августа 2024

Менин сиздерге ачык кайрылуу жасоомдун себеби — укук коргоо жана күч органдарынын кызматкерлеринин күнөөсүздүк презумпциясын сактоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы болду.


Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинде бекитилген күнөөсүздүк презумпциясы — адилеттүүлүктүн негизги принциптеринин бири болуп саналат.


Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинин 1-бөлүгүндө, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт, деп айтылат.


Бул принцип Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.


Тергөө органдары чоң кармоолор жана айыптоолор боюнча маалыматтарды ЖМКларга шашылыш билдирип, коомчулукка кылмыш далилденгендей маалымат беришет жана кармалгандарды кылмышкерлер катары көрсөтүшөт. Мындай агрессивдүү маалымат саясаты, күнөөсүздүк принцибин четке кагып, коомчулуктун сот бийлигине болгон ишенимин жоготот.


Судьяларга байланыштуу тергөө органдары  тараткан  маалымат  боюнча бир мисал келтирейин.  Бул маалымат шашылыш түрдө чыккандыгы көрүнүп турат. Анткени, чуулгандуу пресс-релизден бир аз убакыт өткөндөн кийин тергөөчү кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтом чыгарган.


Видео-блок

Жалобы на действия судей: как работает механизм? | Ала-Тоо 24
Баткен облусундагы эл менен жолугушууларда сотторго жарандык, жер маселелер боюнча кай...
М. Алиев: “Судьялар мыйзамга гана таянып иштөөгө милдеттүү!”
ЭлТР: Соттордун судьялык кызматына резерв түзүлөт
Президент: Элге шылтоо эмес, мыйзамдуу, өз убагында кабыл алынган адилеттүү чечим керек

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...