KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Октябрь райондук соту Бишкек шаардык стационардык мекемесине жардам көрсөттү

02 октября 2020

1-октябрь Карылар күнү жаш муундарга карыларды колдоого, сүйүүгө жана алар камкордукка муктаж экендигин эскертет. Бул күнгө өзгөчө басым жасоо – эч бир нерсе түбөлүктүү эмес экендигин эске салат. Анткени, убакыттын өтүшү менен жаштык кез жетилгендик, андан кийин карылык менен алмашат.


Бүгүнкү күндө жакындарынын жылуу мамилесинен жана көңүлүнөн ажырап адистештирилген мекемелерде калууга аргасыз болгон адамдардын категориясы бар экендиги эч кимге жашыруун эмес.


Карылар күнүнө карата, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Бишкек шаардык улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесине дары-дармек, беткап, самын жана дезинфекциялоочу каражаттар, ошондой эле жеке гигиена каражаттары түрүндө гуманитардык жардам көрсөттү.


Кызматкерлер менен баарлашуу учурунда мекеменин директору Адылбек Козубаев камкордукка алынган 65 жаштан жогору 170 киши жана алардын арасында өз алдынча кыймылдай албагандары бар экендигин, ошондой эле бүгүнкү күндө алар тарабынан «камкордукка алынган адамдарды» үй-бүлөлөрүнө кайтарып берүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатышкандыгын айтты.


Келечекте жакындарынын көңүл буруусунан ажырап, ушундай оор кырдаалда калган карылардын саны аз болот деп ишенгибиз келет.


 


Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова