KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад областтынын жергиликтүү сот тутумунун кызматкерлери арасында кичи-футбол уюштурулду

29 августа 2019

2019-жылдын 24-августунда, Тогуз-Торо райондук сотунун уюштуруусу менен Жалал-Абад областтынын жергиликтүү сот тутумунун кызматкерлери арасында кичи-футбол таймашы болуп өттү.  Бул спорттук мелдеште жалпысынан 6 команда  ат салышты.


Ар бир команда  футбол боюнча  өздөрүнүн  мыкты даярдыгын көрсөтүшүп, турнир башынан аягына чейин өтө курч атаандаштыкта жана абдан кызыктуу өттү. Жыйынтыгында  мыкты  деп  табылган  3  командага кубок, грамота жана акчалай  сыйлыктар  тапшырылды.


Биринчи орунду  жана турнирдин   өтмө кубогу менен Сузак райондук сотунун кызматкерлери багындырышса, экинчи орунду Кара-Көл шаардык сотунун кызматкерлери алышты. Ал эми үчүнчү орунга Жалал-Абад шаардык сотунун  командасы татыктуу болду.


Мындан сырткары мелдештин шартында көргөзүлгөн “мыкты дарбазачы”, “мыкты коргоочу”, “мыкты оюнчу”, “мыкты чабуулчу”, “мыкты уюштуруучу” номинациялар  боюнча да  татыктуулар аныкталып,  грамоталар  менен сыйланышты.


 


                                                                  Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы


Видео-блок

"Сотторго бааны эл берет!" М.Сатыев Талас областынын жергиликтүү сотторунун иши менен ...
НОМАД ТВ: Что нужно знать о разводе и алиментах в Кыргызстане
Көрсөткүчтөрү жакшы жана начар судьялар аталды. М.Сатыев иш сапары менен Ысык-Көл облус...
Жашыруун келишимдерге, коррупцияга орун жок. М.Сатыев иш сапары менен Нарын облусуна барды
УТРК Жалал-Абад: Соттор үчүн окутуулар улантылууда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...