KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунда сот аткаруучулар менен маалыматтык жолугушуу өттү

23 августа 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 23-августунда, Ош облустук сотунун админстративдик иштер боюнча соттук коллегиясы 2024-жылдын иш планына ылайык, «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык,  сот аткаруучулардын аракеттерине жана чечимдерине даттануу маселелери боюнча сот практикасын талкуулоого  байланышкан иштер боюнча кеңири форматта жыйын өттү.


Жыйынга Ош облусунун админстративдик иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Алыбаев, судьялар Миргуль Джаналиева, Жаныл Борончиева, Ош облусу боюнча Сот департаментинин өкүлү Ыдырыс Нурматов жана Ош шаардык, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Араван районунун сот аткаруучулары катышышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө судьялар аткаруу документтерин аткарууда сот аткаруучусунун токтомун жана аракетин (аракетсиздигин) талаш-тартыш жөнүндө иштерди кароодогу маселелерди жана көйгөйлөрдү талкуулашты.


 


Ош облустук сотунун басма сөз катчысы А. Туратбек кызы


Видео-блок

Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту
В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений
Соттордо электрондук билдирүү берүү тутуму ишке киргизилди
Панфилов районунда жаңы сот имаратынын пайдубалына капсула салынды
Кыргызстандын сотторунда электрондук билдирүү системасы ишке кирүүдө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...