KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ош шаардык сотунун судьясы Кадыркулов Шекербек Мырсалиевич мезгилсиз дүйнө салды

15 июля 2020

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын судьялык корпусу Кадыркулов Шекербек Мырсалиевичтин  мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Кадыркулов Шекербек Мырсалиевич 1966-жылы 16-январда  Чүй облусунун  Чүй районундагы  Мураке айылында туулган.  1983-жылы  Москва районундагы Ленин атындагы орто мектепти аяктаган. 1986-1991-жылдары  Фрунзе шаарындагы Свердлов райондук аткаруу комитетинде милиция кызматкери болуп иштеген. 1993-1997-жылдары  Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министрлигинин Бишкек жогорку мектебинде  окуган. 1993-1998-жылдары  Чүй облусунун Москва районунда тергөөчү болуп эмгектенген. 1998-1999-жылдары  Ош облусунун ички иштер башкармалыгында улук тергөөчү болгон. 1999-2001-жылдары  Ош облусунун Араван районунун ички иштер башкармалыгында  начальник, ал эми 2001-2003-жылдары  Ош облусунун ички иштер башкармалыгын  жетектеген.   2003-2007-жылдары  Ош облусунун Өзгөн районунун ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп эмгек өтөгөн. 2007-2008-жылдары Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон.  Ошондой эле ушул эле жылы  Ысык-Көл облусунун  ички иштер башкармалыгында  улук тергөөчү болуп иштеген. 2008-2016-жылдары  Чүй облусунун шаардык ички иштер башкармалыгынын  тергөө бөлүмүнүн  башчысы  кызматын аркалаган.  2016-жылдын  27-апрелинен баштап,  Ош шаардык сотунда судья болуп  иштеп баштаган.


Сот тутуму жакындары жана туугандарынын  орду толгус оор жоготуу аза кайгысын тең бөлүшөт.