KG
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Подать обращение

Ош шаардык соту карантинге жабылды

15 июля 2020

Ош шаардык соту 15-июлдан баштап жабылды. Мындай чечим Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан жабуу боюнча корутунду келгендигине байланыштуу кабыл алынды. Мындан улам бүгүнтөн тартып Ош шаардык сотундагы бардык кызматкерлер үй карантинге чыгарылды. Ош шаардык сотундагы 2 судьядан пневмония, 7 кызматкерден коронавирус аныкталган.