KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук соту 2022-жылдын 9 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

18 ноября 2022

Бүгүн,  2022-жылдын 18-ноябрында Ош облусундагы жергиликтүү соттордун              2022-жылдын  9  айындагы жыйынтыктоочу кеңешмеси өткөрүлдү.


Кеңешмеге Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Ош облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Азамат Джумагулов, Азамат Алыбаев, облустук сотунун судьялары жана биринчи инстанция соттордун төрагалары, судьялары жана Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы катышышты.


Кеңешмени облустук соттун төрагасы Мирлан Боромбаев ачып, күн тартибиндеги каралуучу маселелерди угузду.


Ош облустук сотунун кылмыш жаза иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Джумагулов, административдик иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Алыбаев, жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиянын судьясы Мира Шамбетова судьялар тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү тууралуу жана саны боюнча маалыматтарды өз баяндамаларында айтып өтүштү.


Маалыматка ылайык ротациядан кийин шаардык, райондук жана Ош областынын административдик соту тарабынан 9 ай ичинде жалпы 12020  иштер каралган. Ал эми апелляциялык инстанцияда жалпы 307 иштер даттанылган. Каралган иштер боюнча соттук практиканын бирдей болбой жаткандыгы кызуу талкууланып, соттук практиканы жалпылаштыруу боюнча иш чаралар тийиштүү деңгээлде болбой жаткандыгы белгиленип, мындан ары ишти жакшыртуу үчүн күч аракеттерди жумшоого судьялар милдеттендирилди.


Ошондой эле кеңешмеде Сот департаментинин Ош областтык  башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Байкишиев аткарылган иштери жана жергиликтүү сотторго бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы жана турак-жай маселелери жөнүндө маалымат берди.


Жыйындын соңунда облустук соттун төрагасы Мирлан Боромбаев кеңешмени жыйынтыктап, коомчулук менен бирге иш алып барып, соттук талаш-тартыштардын алдын алууга, сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей тажрыйбага жетишүүгө, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга багытталган ж.б. маанилүү маселелерге токтолду. Мындан ары  дагы сот адилеттүүлүгүн жүргүзүүдө ийгиликтерди каалады.


Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы