KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кара-Суу райондук сотунун демилгеси менен "Үй-бүлө коомдун башаты" темасында чоң семинар уюштурулду

08 февраля 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 8-февралында, Ош облусунун Кара-Суу райондук  сотунун демилгеси менен райондук администрациянын имаратында үй-бүлөлүк зомбулук, жаш балдардын арасында укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алуу, ошондой нике бузуу, алимент өндүрүү, жашы жете элек балдарга карата ата-энелик укуктан ажыратуу, балдардын жашаган жерин ата-энесинин бирөөсү менен аныктоо боюнча жарандык иштердин санын азайтуу максатында семинар өткөрүлдү.


Иш чарага Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун  төрагасы Эрлан Асанов жана судьялар, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Темирболот Абыкеев, аталган райондун Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, райондун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы жана социалдык кызматкерлери, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы, Кара-Суу районунун баардык айыл өкмөттөрүнүн башчылары, аксакалдар сотторунун төрагалары, ошондой эле  аялдар кеңешинин өкүлдөрү, мечеттердин имамдары, мектептердин директорлору жана мугалимдери   катышышты.


Семинардын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Эрлан Асанов сөз сүйлөп, мектеп курактагы жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук өсүп жаткандыгын жана аны алдын алуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.  Төрага жаштарга татыктуу тарбия берүү  ата-эненин, мугалимдердин, тартип сакчыларынын жана коомчулуктун негизги милдети экендигин баса белгиледи.


Өлкөбүздө акыркы жылдарда, мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулук көп болуп жатканы баарыбызга маалым. Урматтуу ата-энелер балдарыңыздардын мектептеги окуусуна, эмне иш менен алектенип жүргөнүнө көңүл буруп турсаңыздар. Анткени, өлкөбүздүн келечеги жаштар экендигин унутпасак”, — деп билдирди Эрлан Асанов.


Мындан тышкары Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьялары өздөрүнүн кыска баяндамаларында үй-бүлө коомдун баштапкы уюму жана негизи болгондуктан, коомдогу ролу өтө чоӊ. Балдардын үй-бүлөдө жашоого, атасын да, энесин да билүүгө, алардан камкордук көрүүгө, алар менен чогуу жашоого укуктуу. Ата-энелер баланын толук өсүшү, билим алышы, ден соолугунун чыңдалышы жана аны үй-бүлөдө жана коомдо өз алдынча турмушка даярдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү. Ата-энесинин экөө тең бирдей деңгээлде баланы тарбиялоо жөнүндө кам көрүүгө, тиешелүү түрдө багууга, аны материалдык жактан кармоого, турак жай менен камсыз кылууга милдеттүү экендигин белгилешти.


Андыктан үй-бүлөлөрдүн бузулушун алдын алуу үчүн айыл өкмөтөрүнүн башчылары, ак сакалдар соттору, мечиттин имамдары, аялдар кеӊеши, баардыгы биригип, жер жерлерде үй-бүлөнүн баалуулугу, эркек-аялдардын укуктары, милдеттери жана балдардын укуктары боюнча иш-чараларын жүргүзүп, биргелешип иштөө сунушталды.


Мындан тышкары, семинарда аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана алардын статусун жогорулатуу маселеси боюнча судьялар тарабынан сунуштар берилди.


Ошондой эле аксакалдар сотторунун иш алып баруусу коомчулукта кылмыштуулукту алдын алуу, азайтуу жана жарандык тартипте каралуучу иштерди, мисалы, үй-бүлөлүк талаш-тартыш, үй мүлктүк жана башка иштерди кароодо чоң мааниге ээ экендиги айтылды.


Семинардын соңунда Кара-Суу райондук соту аймактагы аксакалдар сотторуна мыйзамдарды колдонуу боюнча усулдук жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.