KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Президенттин Жарлыктарына кол коюлду

19 января 2016

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-январда, Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол койду.


Чүй облусунун Сокулук, Ысык-Ата райондук сотторунун жана Токмок шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык Жарлыкка кол коюп, төмөндөгүдөй токтом кылды:


2016-жылдын 18-январынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:


Абдыкеримова Айгуль Анарбековна;

Жоомартов Кумушбек Рысбекович;

Керимкулов Илияс Саматбекович;

Кузьменко Сергей Иванович;

Масыбаев Тилек Төлөнбаевич;

Рыскулова Айжан Рыспековна;

Сайырова Светлана Муканбетовна;

Султаналиева Сеиль Асанкуловна;

Тойгонбаев Асанбек Рафикович.


Мамлекет башчысынын экинчи Жарлыгынын негизинде  «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:


2016 жылдын 18-январынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары судьянын ыйгарым укутарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:


— Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна:

Жоомартов Кумушбек Рысбекович;

Керимкулов Илияс Саматбекович;

Кузьменко Сергей Иванович;

Масыбаев Тилек Төлөнбаевич;

Сайырова Светлана Муканбетовна;

Султаналиева Сеиль Асанкуловна.


— Чүй облусунун Токмок шаардык сотуна:

Абдыкеримова Айгуль Анарбековна;

Тойгонбаев Асанбек Рафикович.


—  Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотуна:

Рыскулова Айжан Рыспековна.


Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү