KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустук соттору жыл жыйынтыгын чыгарышты

12 февраля 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 12-февралында,  Ош, Жалал-Абад жана Нарын облусундагы жергиликтүү соттор  жыл жыйынтыгын чыгарышты. Кеңешменин ишине  видеоконференция байланыш аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова, Жогорку соттун төрайымынын орун басарлары Нургуль Асанова,  Айнаш Токбаева жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиевдер катышышты.


Алгач Ош облусунун жергиликтүү соттору 2020-жылдагы ишмердүүлүгү  боюнча маалымат беришти. Ош облустук сотунун соттук коллегияларынын төрагаларынын орун басарлары 2020-жылдын ишмердүүлүгүн 2019-жылга салыштырып, судьялар тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү тууралуу жана саны боюнча маалыматтарды өз баяндамаларында айтып өтүштү.


Ош облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев кеңешмени жыйынтыктап, судьяларды жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, коомчулук менен бирге иш алып барып, соттук талаш-тартыштардын алдын алууга, сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей тажрыйбага жетишүүгө, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга багытталган   маанилүү маселелерге токтолду.


Андан соң онлайн кеңешме Жалал-Абад облустук соту менен уланды. Жыйында облустук соттун төрагасынын орун басарлары ар бир судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашырууда иштерди кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча маалымат менен тааныштырышты. Ошондой эле иштерди кароодо келип чыккан суроолор талкууланды.


Мындан тышкары, апелляциялык инстанцияга даттанылган соттук актылардын бузулушу жана өзгөртүлүшү боюнча талкуулар жүргүзүлүп, биринчи инстанция сотторунун кетирген кемчиликтерине көңүл бурулду.


Ал эми күндүн экинчи жарымында жыл жыйынтыгы менен Нарын облусунун жергиликтүү соттору  чыгышты. Кеңешмеде жергиликтүү бийлик  органдары, коомдук уюмдар жана аксакалдар соттору менен биргеликте иш алып барууда ошондой эле  колдонуудагы кодекстердин айрым беренелери өзгөртүүлөр менен толуктоолордун зарылчылыктары тууралуу пикирлер ортого салынды.


Нарын  облустук  сотунун төрайымы Майрагүл Дуйшенбекова толуу аймактагы   соттордун  ишмердүүлүгү боюнча жалпы маалымат берип,  кемчиликтерди кайталабоонун, жетишкен  саамалыктарды мындан ары да бекемдөөнүн жагдайларына токтолду.


Өз кезегинде Жогорку соттун төрайымынын   милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова  жалпы сот тармагынын алдындагы милдеттерге токтолуп,эң башкысы  сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей  тажрыйбага жетишүүнү, мамлекеттик органдар менен өз ара бирдиктүү иш алып барууну жана  коомчулукта элдин сот тутумуна болгон ишенимин кайтарууда  мыйзамдын талаптарын бекем сактоону тапшырды.