Куттуктоо тексти:
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын сот тутумунун жана жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.
Орозо айынын алдында белгилеп жаткан Нооруз майрамыбыз бардыгыбызга жакшылыктарды алып келсин.
Нооруз — жаздын, тазаруунун, өзгөрүүнүн, жаӊы күндүн майрамы.
Эзелтен бул нукура элдик майрамды элибиз аруу тилек, жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жыл башы катары кабыл алып келген.
Ата-бабалардан калган бул көөнөргүс салтыбызды дагы байытып, наркыбызды сактап, улутубуздун улуулугун уланта берели.
Нооруз жергебизге тынчтык жана токчулук алып келсин.
Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун.
Ар бир үй-бүлө бактылуу болуп, өлкөбүз өнүгүп, алдыга койгон ой-максаттарыбыз ишке ашсын.
Элибиздин ырыскысы артсын! Мамлекетибизге молчулук, кут-береке тартууласын!
Кадырман калкыма бекем ден-соолук, бакубат жашоо, ийгиликтерди каалайм.