Кыргыз Республикасынын сот системасындагы маалымат ресурстары
KG

Баткен облустук сотунун төрайымы Гульмира Кожобекова иш сапары менен Лейлек райондук жана Сүлүктү шаардык сотторунда болду

06 сентября 2019

Баткен облустук сотунун төрайымы Гульмира Кожобекова жумуш иш сапарынын алкагында Лейлек райондук жана Сүлүктү шаардык сотторунун имараттарында болуп, турак жай салууга бөлүнүп берилген жерлер менен таанышып, сот кызматкерлери менен жолугуп, кеңири пикир алышты.


Айта кетсек, ушул тапта бардык аймактарда сот имараттары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Сүлүктү, Лейлек сотторунун имараттарында сот ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тиешелүү шарттар түзүлгөн.


Жолугушуунун аягында Гульмира Кожобекова судьяларды таза, адилеттүү жана мыйзамдын чегинде иш алып барууга чакырды. Ал  эми  аппарат кызматкерлерине ишке так, көңүл коюп иш алып барууну жана сотко келген жарандарга сылык мамиле кылууну тапшырды.