Кыргыз Республикасынын сот системасындагы маалымат ресурстары
KG

Баткен облустук сотунун төрайымы Баткен райондук сотунда иш сапар менен болду

10 сентября 2019

2019-жылдын  6-сентябрында  Баткен облустук сотунун төрайымы Гульмира Кожобекова   Баткен райондук сотунун судьялары жана аппарат  кызматкерлери менен жолукту.


«Сот системасы заманбап технологиялар менен камсыздалып, сот актылары ачык, коомго жеткиликтүү болуп, сот  жыйындары  мезгилдин талабына ылайык жабдылып жатканын жана мамлекеттеги  санариптештирүү боюнча аракеттер  бир топ  көйгөйлөрдү   чечээрин» Гульмира Кожобекова    баса белгиледи.


Жолугушуунун аягында төрайым судьяларды таза, адилеттүү жана мыйзамдын чегинде иш алып барууга чакырды. Ал  эми  аппарат кызматкерлерине өз ишине так болуу менен сотко келген жарандарга сылык мамиле кылууну тапшырды.