KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы иш сапары менен Кара-Көл шаарында болду

04 октября 2023

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу Кара-Көл шаарына болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облустук сот департаментинин башчысы Алмаз Токтосунов менен  бирге аталган соттун жаңы имаратынын ондоп-түздөө иш чарасын көрүп чыкты.


Имарат эки кабаттан туруп,  жалпы аянты 230 чарчы метрди түзөт.


Белгилей кетчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун имараттарын куруу жана капиталдык оңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун алдындагы  Сот департаментинин 2023-жылга карата планы бекитилген. Аталган пландын тизмесине Кара-Көл шаардык сотунун жаңы имараты дагы кирип, имаратка капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн каражат бөлүнгөн.


Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин 2023-жылга карата планын аткаруу башталып, анын негизинде Кара-Көл шаардык мэриясы жана Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан 2022-жылдын 24-октябрында Кара-Көл шаардык сотуна өткөрүлүп берилген имараттын капиталдык оңдоп-түзө иштери башталып, иш кызуу жүрүп жатат.


 


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов


Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...