KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Сот адилеттик үйүндө жалпы жыйын өткөрдү

26 сентября 2023

2023-жылдын 26-сентябрында Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу  Сот адилеттик үйүндө судьяларга жана аппарат кызматкерлерине жалпы жыйын өткөрдү.


Жалпы жыйынга, Жалал-Абад облустук сотунун, Жалал-Абад шаардык сотунун, Административдик сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери, сот департаментинин, сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн жана сот приставтар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.


Жыйында, төрага Каныбек Токтосун уулу  иштерди кароодо процессуалдык мөөнөттөрдү бекем сактоону, соттук актыларды өз убагында жазып тараптарга тапшырууну, иш менен кайрылган тарптарга судья жана аппарат кызматкерлерин сылык мамиле жасоо,  ички тартипти сактоо боюнча маселелер боюнча баса белгилеп өттү.


Айтылган кемчиликтер аткарылбаса, аларга карата тартип чаралары колдонула тургандыгы белгиленди.


 


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов 


Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...