KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Кыдык Джунушпаев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин жана байкоочу мамлекеттердин Судьялар кеңештеринин төрагаларынын жана өкүлдөрүнүн 2-отурумуна катышууда

23 мая 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Кыдык Джунушпаев Түркия Республикасынын Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин жана байкоочу мамлекеттердин Судьялар кеңештеринин төрагаларынын жана өкүлдөрүнүн 2-отурумуна катышууда.


«Бул жолугушуу биздин эзелтен бери үзүлбөй келе жаткан мамилебиздин терең тамырларын символдоштурган маанилүү кадам. Түрк элдеринин түпкү тарыхы бир экени бизге зор сыймык жана шыктануу тартуулайт. Ал эми түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагындагы жолугушууларыбыз адилеттүүлүккө, укуктук тутумдарды өнүктүрүүгө жана жарандарыбыздын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого болгон жалпы умтулуубузду билдирет, бул биздин биримдигибиздин, тилектештигибиздин жана биргелешкен гүлдөп-өнүгүүгө умтулуубуздун күчтүү символу болуп саналат. Мындай жолугушуулар биздин өлкөлөрдүн судьяларынын кеңештерин өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана биздин жалпы тарыхый байланышты гана эмес, келечекте биргелешип өнүгүүгө умтулуубузду да көрсөтөт.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сот реформасына өзгөчө маани берилип, аны андан ары ишке ашыруу максатында Президенттин 2023-жылдын 3-мартындагы Жарлыгы менен «2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасы бекитилген. Анын максаты болуп адамдын жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын адилеттүү жана натыйжалуу коргоого багытталган сот адилеттиги системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо болуп саналат«, — деп белгиледи Кыдык Джунушпаев өз сөзүндө.


Белгилей кетсек, Президенттин Жарлыгында төмөнкүдөй милдеттер аныкталган:

— судьялардын жана сот тутумунун көз карандысыздыгын камсыз кылуу, кадрдык потенциалды чыңдоо, сот тутумунун натыйжалуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу;

— сот тутумун финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну чыңдоо;

— сот адилеттигинин ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

— сот адилеттиги системасында санариптик технологияларды колдонууну кеңейтүү;

— сот адилеттиги системасында секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу.