KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрайымы Г.Калиева Кыргыз Республикасындагы PRI Эл аралык түрмө реформасынын көзкарандысыз эксперти менен жолугушту

29 октября 2020

Бүгүн, 2020-жылдын  28-октябрында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева Кыргыз Республикасындагы PRI Эл аралык түрмө реформасынын көзкарандысыз эксперти Евгения Ли менен онлайн жолугушту.


Ошондой эле, жолугушууга Жогорку соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева жана Жогорку соттун судьясы Аскат Сыдыков катышышты.


Г.Калиева 2019-жылы жаңы кодекстер менен мыйзамдар, ошондой эле жаңы институт болгон тергөө судьясы кирип, бул багытта судьяларды окутууда PRI Эл аралык уюму тренерлер үчүн тренинг өткөрүп, колдоо көрсөткөнүн  белгиледи.


“Кыргызстандагы кыйноолорго жана башка аеосуз, адамкерчиликсиз жана ар-намысты басмырлоонун түрлөрү жана жазалоого каршы күрөшүү боюнча  мамлекеттин жана жарандык коомдун  аракетин колдоо”  долбоорунун алкагында  26-октябрдан  13-ноябрга чейин  аталган долбоорду баалоо жүргүзүлөт.


Онлайн жолугушууда тараптар долбоорду баалоонун  алкагында  өткөрүлгөн иш чараларга анализ жүргүзүп, жетишилген натыйжалар жана  бул багыттагы сунуштарын айтышты.


Жолугушуунун соңунда кыйноолорго каршы күрөшүү багытындагы конструктивдүү кызматташтыкты уланта тургандыктарын ырасташты.