KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу сот тутумунун 100 жылдыгы тууралуу баяндама жасады

08 октября 2024

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу  2024-жылдын 8-октябрында Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинде “Укуктук мамлекет күнүмдүк турмушта — жарандык коомдун динамикалык жана туруктуу өнүгүүсүнүн  негизи болуп саналат” деген аталыштагы аймактык тегерек столго катышты.


Иш чаранын жүрүшүндө Каныбек Токтосун уулу баяндама жасап, укуктун жана мыйзамдын үстөмдүгү коомдун бардык катмарларында ишке ашырылып, ар бир жаран жана мамлекеттик орган мыйзамдарга баш ийгенде гана, туруктуу өнүгүү жана социалдык тартип камсыздаларын билдирди. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргогон, бирдей шарттарды түзгөн мамлекет, жарандык коомдун ишенимин арттырып, туруктуу жана прогрессивдүү өнүгүүнү камсыз кыла тургандыгын кошумчалады.


Мындан тышкары,   Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы  сот тутумунун түптөлүшү, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 100 жылдык тарыхы тууралуу маалымат берди.


Баяндаманын соңунда Каныбек Токтосун уулу тегерек столдун катышуучуларын Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктап, иштеринде ийгиликтерди каалады.


 


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы   Мирлан Торомаматов