1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Баткен шаардык мэриясы райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрамдык иш-чара өткөрдү.
Баткен райондук сотунун төрагасы Дүйшөнкул Шатманов иш-чарага катышып, балдарды майрамы менен куттуктап, өз сөзүндө балдарга чың ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалап, муктаж болгон балдарга материалдык жардам көрсөтүүгө өз салымын кошту.
Иш чаранын соңунда, келген конокторго белектер тапшырылып, майрамдык концерттик программа көрсөтүлдү.