KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Фемида өкүлдөрү сот тутумун санариптик трансформациялоо боюнча эл аралык тажрыйба менен таанышышты

29 июля 2024

Кыргызстандын делегациясы сот тутумун санариптик трансформациялоо боюнча алдыңкы эл аралык тажрыйба менен таанышуу максатында Азербайжан Республикасына болгон окуу-таанышуу сапарына катышты.


Сапардын алкагында катышуучулар Баку шаарындагы Дүйнөлүк банктын кеңсесинде болушуп, гибриддик форматтагы долбоордук командалардын жетекчилеринин кеңешмеси болуп өттү. Андан соң санариптик экономиканы өнүктүрүү стратегиясынын маселелери боюнча Азербайжандагы дүйнөлүк экономикалык форумдун төртүнчү өнөр жай революциясын талдоо жана координациялоо борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.


Делегаттар Азербайжан Республикасынын юстиция министринин орун басары менен жолугушуп, ал электрондук соттордун жана сот адилеттигинин башка санариптик кызматтарынын санариптик инфраструктурасы жөнүндө маалымат берди.


Яссамал райондук сотунун судьялары менен жолугушуу болуп, анын алкагында сот тутумун санариптештирүү жана сот адилеттигине маалыматтык технологияларды киргизүү боюнча презентация өткөрүлдү.


Ошондой эле катышуучулар Дүйнөлүк банктын колдоосу менен курулган Сумгаит сотуна барып, жогоруда аталган соттун төрагасы жана судьялары менен жолугушуп, сот комплексинин материалдык-техникалык жабдылышы жана санариптештирилиши менен таанышышты.


Мындан сырткары, Жогорку соттун төрагасынын орун басары жана Азербайжан Республикасынын Соттук-укуктук кеңешинин мүчөсү Сенан Хаджиев жана Жогорку соттун судьялары менен жолугушуулар болуп, санариптик трансформация маселелери талкууланды. Анын алкагында Соттук-укуктук кеңештин ишмердүүлүгү боюнча тажрыйба алмашуулар болду.


Таанышуу сапарынын жүрүшүндө катышуучулар Дүйнөлүк банктын колдоосу менен курулган Баку шаарындагы Нариман райондук сотуна дагы барышып, имараттын санариптештирүү деңгээли менен таанышышты.


Ошондой эле делегаттар Кыргыз Республикасынынын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов менен жолугушушту.


Иш-чаранын соңунда Дүйнөлүк банктын долбоордук командаларынын жетекчилери менен гибриддик форматтагы сапардын жыйынтыктары чыгарылды.


Белгилей кетсек, 2024-жылдын 22-26-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Кыргызстандын делегациясы Дүйнөлүк банк тарабынан уюштурулган алдыңкы эл аралык тажрыйба менен таанышуу максатында Азербайжан Республикасына окуу сапарында болду.


Окуу сапары санариптик трансформация маселелеринде кыйла өнүккөн Азербайжандын сот системасы менен таанышуу, ошондой эле сот бийлигинин өкүлдөрү жана башка кызыккан тараптар менен сот тутумун модернизациялоо процессинде өлкө алган сабактарды талкуулоо максатында уюштурулду.


Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Клим Омельченко, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эксперти Данияр Шейшеканов, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Бекмухаммет Мусурманкулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Джылдыз Рыскулова, Сот департаментине караштуу “Адилет Сот” маалыматтык технологиялар мекемесининин директору Рустамбек Шабыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Алисбек Ибраимов, ошондой эле санариптештирүү жана киберкоопсуздук боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлери дагы катышууда.


 


Видео-блок

МЕН СУДЬЯ. Темирбек Ибраимов: "Бул менин сүйүктүү кесибим"
Биздин максат – адилет, ачык, калыс сот бийлигин түзүү. Жаңы жылдык куттуктоо.
Сот приставдарына жаңы автоунаалар берилди
М.Сатыев:"Жогорку айлык да, пара да алам десеңер терең жаңылышасыңар!"Нарын шаарындагы ...
М.Сатыев: "Бардык шартыңар түзүлүп жатат. Эми талап да болот!." Жумгал райондук соту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...