KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Басма сөз катчылар социалдык тармактарды колдонуу боюнча окуудан өтүп жатышат

30 января 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун басма сөз катчылары үчүн «Сот тутумунун ЖМК менен өз ара аракеттенүүсү, социалдык тармактарды колдонуу – 2» темасында эки күндүк семинар башталды.


Семинардын ачылышына  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу  Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Эльмира Байтикова, USAID Укук Булагы долбоорунун соттордун көз карандысыздыгы боюнча компонентинин жетекчиси/гендердик теңчилик боюнча эксперт Алмаз Касымбеков  катышышты.


Басма сөз катчылар социалдык тармактарда практикалык иштерди талдоо жүргүзүп, видео жана сүрөттөрдү монтаждоого байланыштуу онлайн куралдарды өздөштүрүшөт.


SMM адистери Орозгүл Арстанова менен Кундуз Анарбекова  социалдык тармактарда маалымат жайылтуунун ыкмаларын үйрөтүп, ар кандай куралдарды колдонуу боюнча мастер-класс өткөрүшөт.


Белгилей кетүүчү жагдай,  бул окутуу сот тутумунун басма сөз катчылары үчүн ЖМКлар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча семинардын уландысы болуп саналат.


Семинар USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун колдоосу менен өтүп жатканын белгилейбиз.