KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Президент Садыр Жапаров калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырды

12 июля 2021

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын коронавирус инфекциясына каршы популяциялык иммунитетин иштеп чыгуу максатында Республикалык ыкчам штабга калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырды.


Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун, Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине өз кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.


Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине медициналык жана социалдык кызматкерлерди, ал эми Билим берүү жана илим министрлигине — билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлерди толук эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.


Ошол эле учурда, бардык конфессиялардын диний кызматкерлерине, коомдук тамактануучу жайлардын, соода, тейлөө, транспорт, банк кызматкерлерине жана башка адамдар массалык түрдө топтолчу ишканалардын кызматкерлерине вакциналарды алуу сунушталат.


Президент Садыр Жапаров өлкөнүн бардык жарандарын өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын ден-соолугун коргоо үчүн аң-сезимдүү болуп, эмдөөдөн өтүүгө чакырды.


Видео-блок

"Элдин ишенимин актагыла! "Ош облусу боюнча иштери жакшы жана начар судьялар аталды.
М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации
Ала-Тоо 24: Сотторду тандоо жаатында кандай өзгөрүүлөр болду? Судьялар кеңешинин төрайы...
5-март — Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...