KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Президент Сооронбай Жээнбеков Жайыл райондук сотунун мисалында сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты

03 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жайыл райондук сотунун мисалында сот тармагын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.


Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева Жайыл райондук сотунун сот жыйындары өтүүчү залдарда аудио жана видео жаздыруу системасы киргизилгенин маалымдады. Автоматташтырылган маалыматтык система келип түшкөн иштерди автоматтык түрдө каттайт жана соттордун иш-жүктөмүн тең бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, адам факторун жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу тобокелчилигин жоет.



Анын менен бирге маалыматты издөө ыңгайлуулугу үчүн соттук иштердин электрондук архиви ишке киргизилген, ошондой эле бардык соттук актылар сайтка (act.sot.kg) жайгаштырылууда.


Гүлбара Калиеванын маалыматы боюнча, бул чаралар сот процесстеринин ачыктыгына, соттук этиканын сакталышына жана судьялардын жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт.


Президент Сооронбай Жээнбеков Жайыл райондук сотунун судьялары жана кызматкерлери менен баарлашууда соттук чечимдердин кынтыксыздыгын, жалпы эле сот системасынын ачыктыгын жана отчеттулугун камсыз кылуунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.


Мамлекет башчысы коомчулукта айрым соттордун ишмердүүлүгүнө нааразычылыктар бар экенин баса белгиледи. Ал белгилегендей, бул нааразычылыктарды соттордун өздөрүнүн тазалыгы менен компетенттүүлүгү, ошондой эле сот системасынын ишмердигине алдыңкы санарип технологияларын киргизүү менен оңдоого болот.


Жайыл райондук сотунун ишмердигин санариптештирүүнү канааттануу менен белгилеп, сот өндүрүшүнүн калыстыгын жана ачыктыгын камсыз кылуу үчүн иш жүзүндө алдыңкы технологияларды туура жана натыйжалуу колдонуунун зарылдыгына көңүл бурду.


Сооронбай Жээнбеков сот-укуктук реформанын алкагында бул маселелерге өзгөчө көңүл бурулганын эске салды. Ал өлкөнүн бардык сотторунда бул багыттагы чараларды ишке ашырууну тездетүүгө чакырды.


«Сиздердин ишиңиздерден көп нерсе, анын ичинде мамлекеттик бийликке болгон элдин ишеними дагы көз каранды. Сиздердин чечимиңиздер адам тагдырына түздөн-түз таасирин тийгизет. Өз ишиңиздерде адилеттүү жана бейтарап болушуңуздар керек. Буга санариптештирүү чоң жардам берет», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.