KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева менен жолугушту

28 мая 2020

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Гульбара Калиева менен жолугушту.


Соттук-укуктук реформалардын алкагында кабыл алынган чаралар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгү, жалпысынан сот системасынын ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу боюнча белгиленген пландар жөнүндө маалымат берилди.


Жогорку Соттун төрайымы Гульбара Калиева жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында судьяларды которуштуруу (ротация) жана айрым соттордо судьянын жардамчысы кызматтарын кыскартуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын маалымдады.


Ошондой эле сотторго жана алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна ишенимди жогорулатуу максатында Жогорку соттун түзүмүндө эки өз алдынча бөлүк түзүлгөндүгүн баса белгиледи, алар: соттордун чечимдерине гана жооп берүүчү жана алардын сапатын жогорулатуучу Мажбурлап аткартуу кызматы жана сотторду материалдык-техникалык камсыздоого жана сот аппараттарынын потенциалын жакшыртууга гана көңүл бурган Сот департаменти.


Мындан сырткары, Соттук-укуктук реформалар боюнча кеңештин чечимдерин аткаруу жана сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү жаатындагы маселелер талкууланды.


Президент Сооронбай Жээнбеков сот жана сот аткаруучу блоктор жаатында Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.



 


Видео-блок

Элдин пикири: Соттор акыйкаттуу чечимдерди чыгарып жатышат
Нурлан Мусаев IV Эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты
Г. Абсатарова: "Судья болуу чоң жоопкерчиликти талап кылат"
Нургуль Бакирова «Манас» университети менен соттордун илимий жана агартуу ишмердүүлүгүн...
Нургуль Бакирова БУУнун Качкындар иштери боюнча комиссарынын башчысы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...