KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти

18 июля 2022

2022-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыктары менен дайындалган жергиликтүү соттордун судьялары салтанаттуу түрдө ант беришти.


Мамлекет башчынын аталган 15 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:


— Жалал-Абад облусу:


Ноокен райондук сотуна


Осмонов Тарасбек Сапарбекович;


Базар-Коргон райондук сотуна


Каримова Жыпар Кудайбердиевна;


Ала-Бука райондук сотуна


Бейшеев Камбарбек Арзыбаевич;


Токтогул райондук сотуна:


Бегимбаева Аида Алыбековна;


Солпуева Назира Мукамендиевна;


Майлуу-Суу шаардык сотуна


Турмаматов Муратали Курсаналиевич;


Таш-Көмүр шаардык сотуна


Бектемиров Куралбек Абдималикович;


— Ош облусу:


Ош облустук сотуна


Исажанов Келдибек Сайдахматович;


Ош облусунун Административдик сотуна


Жаныбекова Жаныл Жаныбековна;


Чон-Алай райондук сотуна


Абдрахманов Рахманаали Аширалиевич;


— Нарын облусу:


Нарын облустук сотуна


Койломбаев Азамат Ишимбекович;


–Жумгал райондук сотуна


Нурбаев Бакытбек Сайдиллаевич;


         — Ысык-Көл облусу


Ак-Суу райондук сотуна


Бекбулатов Айбек Бектурсунович;


— Бишкек шаары


Биринчи май райондук сотуна:


Акылбекова Джамиля Дилдебековна;


Медеров Азирет Баратович.


«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын дайындалган судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусу ант берген күндөн тартып башталарын белгилейбиз.