Кыргыз Республикасынын сот системасындагы маалымат ресурстары
KG

Чүй облусунун жергиликтүү сотторуна дайындалган судьялар ант беришти

16 сентября 2019

2019-жылдын 16-сентябрында Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин  2019-жылдын 11-сентябрындагы   ПЖ № 127  Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти.


Кыргыз Республикасынын  Президентинин  2019-жылдын  11-сентябрдагы   ПЖ № 128  Жарлыгы менен  судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн  Чүй облусунун Жайыл райондук сотуна  Саадабаева Чынара Муратбековна  менен  Усакпаева Гүлзат Каныбековна,   Чүй облусунун Москва райондук сотуна Дубанаев Кубатбек Султанмуратович, Чүй облусунун Панфилов райондук сотуна Сайдылдаева Жылдыз Бейшеналиевна,  Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна Кулмурзаев Манасбек Каримович  менен Самаков Нурмат Талантбекович, Чүй облусунун Токмок шаардык сотуна Абдырахманов Урматбек Аманович,  Чүй облусунун Чүй райондук сотуна Шаршеева Алтынай Чубаковна,  Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотуна Тажибаев Нурбек Рашидович жиберилди.


Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымынын орун басары К. Бокоев жаңы дайындалган  судьяларды  куттуктап, берген антка   бек турууга  чакырды.