KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргызстандын жергиликтүү сотторуна биринчи жолу дайындалган судьялар ант беришти

21 октября 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 21-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда биринчи жолу жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти.


Президент өлкөнүн жергиликтүү сотторунун судьяларын биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө дайындоо жана алардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жарлыктарын чыгарып, судьялар төмөнкү жергиликтүү сотторго жиберилди:


Баткен облусунун Кадамжай райондук сотуна — Досматова Мээрим Нурмаматовна, Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотуна — Абдыганыев Найзабек Жунусбекович, Талас облусунун Манас райондук сотуна — Эргешов Акжол Алакбарович, Нарын облустук сотуна — Кетиренов Бактыбек Кыдырмышевич жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна — Самиев Замирбек Байышович дайындалды.


Жогорку соттун төрагасынын милдетин аткаруучу  Нурлан Мусаев дайындалган судьяларды куттуктап, жогорку статуска ээ болуу жана өзүн-өзү өркүндөтүү боюнча талыкпай иштөөнүн маанилүүлүгүн айтып, аларды берген антына бекем болууга чакырды.


“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын шайланган же дайындалган судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусу алар ант берген күндөн тартып башталарын белгилейбиз.