KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун жаңы судьялары ишке киришти жана жергиликтүү соттордун жаңы шайланган судьялары ант беришти

08 июня 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 8-июнунда,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Медербек Сатыев  Жогорку соттун судьяларына  Жогорку Кеңеш  тарабынан шайланган  Базарбеков Замирбек Курамаевич жана Мусаев Нурлан Алишеровичти тааныштырды. Судьялар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик  иштер боюнча соттук коллегиясынын курамына шайланды.


Салтанаттуу кырдаалда, биринчи дайындалган судьялар Самат Таштанович Кайыпов менен Чолпон Жыргалбековна Назирдинованын ант берүүсү болду. Алар Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондук сотторунун судьялары болуп дайындалган.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова судьяларды Жогорку соттун судьяларынын атынан куттуктап, аларга ден-соолук, иштеринде ийгиликтерди каалап, берген анттарына  бек турууга чакырды.