KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жетекчилиги Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту

15 мая 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда бүгүн, 15-майда, 2024-жылы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев менен Дүйнөлүк банктын эксперти Клаус Декердин Кыргызстандын сот тутумуна өткөрүлгөн функционалдык серептин жыйынтыктарынын бетачары боюнча жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушууга сот тутумунун, Президенттин Администрациясынын, Дүйнөлүк банктын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.


Жолугушуунун максаты Кыргыз Республикасынын сот тутумуна өткөрүлгөн функционалдык серептин жыйынтыктарын тааныштыруу жана аны талкуулоо болду.


«Сот адилеттиги системасынын ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыздоого багытталган зарыл инфраструктураны түзүү жана маалыматтык системаларды иштеп чыгуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Санариптик технологияларды киргизүү жана колдонууну кеңейтүү, «электрондук сот адилеттигин» түзүү «2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү «Мамлекеттик максаттуу программасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгиленген.


Бирок, бизде  өз алдынча чечүүгө мүмкүн болбогон маселелер бар. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын сотторун санариптештирүү маселелеринде колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги үчүн Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдиргим келет жана Дүйнөлүк банктын активдүү колдоосу жана көмөгү менен биз санариптик трансформация боюнча башталган ишти олуттуу илгерилете аларыбызга чын дилимден ишенем» — деди Нурлан Мусаев.