KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун Пленумунда бир катар токтомдордун долбоорлору талкууланды

29 мая 2020

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиеванын катышуусунда  Пленумдун отуруму болду. Бул жолу Жогорку соттун Пленумунун ишине жергиликтүү соттордун судьялары видеоконференц байланыш аркылуу катышышты.


Биринчи жолу тарыхта Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму онлайн форматта өттү.


Пленумга ошондой эле Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин  директору Элмира Байтикова жана жаңы дайындалган Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев катышышты.


Анын күн тартибине ылайык, Жогорку соттун соттук коллегиялардын төрагалары  иштеринин жыйынтыктары жөнүндө маалымат беришти.


Пленумда “Алдамчылык, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу тууралуу иштер боюнча соттук тажрыйба жөнүндө” токтом талкууланды. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы- баяндамачы Качыке Эсенканов республика боюнча  2018-жылы жана 2019-жылдын 9 айында эле сотторго 19900 кылмыш иши келип түшкөнүн маалымдады. Бул мезгилге чейин Жогорку соттун Пленуму тарабынан бул категориядагы кылмыштар боюнча мыйзамдарга түшүндүрмө берүү тууралуу токтом кабыл алынган эмес. Маселе, азыркы мезгилде өтө актуалдуу жана бирдиктүү соттук тажрыйбаны иштеп чыгууну талап кылууда.


Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан жарандык, экономикалык жана административдик иштерди кароодо мамлекеттик алым тууралуу мыйзамдарды колдонуудагы кээ бир маселелери жөнүндө” Жогорку соттун судьясы Айбек Давлетов доклад жасады. Мындан тышкары, “Юридикалык мааниси бар фактыларды белгилөө жөнүндө иштер боюнча сот тажрыйбасы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтому туурасында Жогорку соттун судьясы Жамалкан Исакова баяндама жасады.


Жыйынтыгында токтом долбоорлорун негизинен кабыл алуу сунушталып, токтомдор бир добуштан кабыл алынды.