KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мурдагы судьясы Динара Бекбоева дүйнө салды

22 марта 2023

2023-жылдын 21-мартында узакка созулган оорудан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мурдагы судьясы Бекбоева Динара Мукашевна дүйнө салды.


Ал 1954-жылдын  26-декабрында Каракол шаарында төрөлгөн.


1980-жылы КМУнун юридикалык факультетин бүтүрүп, эмгек жолун Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунда сот отурумунун катчысы болуп иштөөдөн баштап, 1976-жылы Ак-Суу райондук нотариалдык кеңсесинде нотариус болуп иштеген. 1982-жылга чейин Ысык-Көл облусунун нотариалдык конторасында улук нотариустун орун басары, улук нотариусу болгон.


1982-1987-жылдары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун төрагасы болуп эмгектенген. Андан кийин 1987-1991-жылдары Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгында улук консультант, бөлүм башчы, бөлүм башчынын орун басары болуп иштеген.


1991-1998-жылдары Ысык-Көл облустук сотунун судьясы, андан кийин 1998-2004-жылдары Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп эмгек өтөгөн.


2004-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болгон.


Сот тармагындагы ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн Жогорку соттун Ардак грамотасы менен сыйланган жана жогорку квалификациялык класска ээ болгон.


Бекбоева Динара Мукашевна кылмыш-жаза жана жарандык мыйзамдарды терең билген, кесиптик чоң тажрыйбасы бар талапты катуу койгон жана принципиалдуу судья, татаал сот иштерин кароодо жардам бере ала турган насаатчы катары сот тутумунун эсинде калат.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  судьялары жана Аппарат кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү соттордун судьялары, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ардагерлери Бекбоева Динара Мукашевнанын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына  терең кайгыруу менен көңүл айтышат.