KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова менен Түркия Республикасынын кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акарджанын эки тараптуу жолугушуусу болду

05 октября 2021

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Нургуль  Бакированын Түркия Республикасынын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акарджа менен эки тараптуу жолугушуусу видеоконференция аркылуу өттү.


Тараптар эки өлкөнүн жогорку сот органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерди талкуулашып, өз ара достук мамилени ырасташты.


Нургуль  Бакирова кесиптешине жакында Бишкекте өткөн ШКУга мүчө -мамлекеттердин Жогорку сотторунун  он алтынчы кеңешмеси,  сот тутумуна байланышкан мыйзам долбоорлору  Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынгандыгы туурасында маалымат берди. Мамлекет башчысы кол койгондон кийин бул мыйзамдар күчүнө кире тургандыгын  белгиледи.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Нургуль  Бакированын түрк тилдүү өлкөлөрдүн Жогорку сотторунун төрагаларынын  Кеңешин түзүү демилгесин талкуулоо болду. Мехмет Акарджа бул демилгени  толук колдой турганын билдирди. Тараптар бул багытта конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулашты.


Ошондой эле Нургуль Бакирова  кесиптешин келе жаткан Түрк  Республикасынын күнү менен   куттуктады. Бул майрам  1923 -жылы Түркия Республикасынын жарыяланган  күнү катары,  жыл сайын 29 -октябрда белгиленет.


Сүйлөшүүлөрдүн  соңунда  тараптар  мындан ары дагы   кызматташтыктарды уланта тургандыктарын билдиришти.


Видео-блок

Медербек Сатыев илимий-консультациялык кеңештин жаңы мүчөлөрү менен жолугушту
"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды
"Соттор эл аралык стандарттагы шартта иштеши керек!". М.Сатыев Жалал-Абад облусуна барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...