KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун судьяларынын жыл жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү

05 февраля 2021

Баткен областтык сотунда жергиликтүү соттордун 2020-жылдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын  милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова, Жогорку соттун төрайымынын орун басарлары  Нургуль Асанова, Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров жана Сот департаментинин директору Урмат  Кожомбердиевдин  видеоконференция байланыш аркылуу катышуусу менен өткөрүлдү.


Иш чарага Баткен облустук сотунун төрагасы Гульмира Кожобекова, Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары Сайдибаказ  Мусаев, Баткен облустук сотунун судьялары, биринчи инстанциядагы соттордун төрагалары жана судьялары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын башкы адиси катышты.


Кеңешмени Баткен областтык сотунун төрагасы Гульмира Кожобекова ачып, күн тартибиндеги  каралчу маселелерди угузду.


Баткен областтык сотунун соттук коллегияларынын төрагалары 2020-жылдын ишмердүүлүгүн 2019-жылга салыштырып, судьялар тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү тууралуу жана саны боюнча маалыматтарды өз баяндамаларында айтып өтүштү.


Жолугушуунун жүрүшүндө, Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын 2020-жыл ичинде аткарган иши жөнүндө, башкармалыктын башкы адиси Улукбек Назаровдун маалыматы угулду.


Келип түшкөн иштер боюнча статистикалык маалыматтар:


Баткен областынын жергиликтүү сотторуна 2020-жылы 582 жазык иши түшүп, ал 2019-жылга салыштырмалуу 14,9% көбөйгөн.


2020-жылы областтын сотторунун жазалоо практикасы 38,3% түзүп, 2019-жылга караганда 13,7% өскөн.


Жазык иштери боюнча  98 жазык иш, же болбосо каралып бүткөн  иштердин 32,4% Баткен облустук сотунда апелляциялык тартипте даттанылган.


Жарандык иштер боюнча 2020-жылы жергиликтүү сотторго 3167 иш келип түшүп, 2019-жылга салыштырмалуу 14% азайган. Областтык сотко апелляциялык даттануу менен 2020-жылы 163 иш түшүп, 13,2% даттануулардын саны азайган.


Ал эми 2020-жылы областын административдик сотунда каралган 210 административдик жана 107 экономикалык иштер боюнча 78 административдик, 49 экономикалык иштер чечим чыгаруу менен каралган.


Апелляциялык тартипте 48 административдик жана 9 экономикалык иштер боюнча чыгарылган сот актыларына арыздар жана сунуштар келтирилип, каралып бүткөн  иштердин 44,8% Баткен облустук сотуна даттанылган.