KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Аксакалдар сотторунун ишиндеги көйгөйлөр ортого салынды

15 декабря 2020

2020-жылдын 11-декабрында Ысык-Көл областтык   сотунун төрайымы Гулкайыр Алиева жана  Ысык-Көл областынын административдик сотунун төрагасы Мелис Тагаев Теплоключенка, Кара-Жал, Боз-Учук, Түп, Кызыл-Суу айыл аймактарындагы жана  Каракол шаарындагы аксакалдар сотторунун төрагалары жана мүчөлөрү менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар  аксакалдар сотторунун ишиндеги  көйгөйлөр менен кемчиликтерди жоюу жолдорун,  алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана өз ара кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашты. Судьялар тарабынан Кыргыз Республикасынын аксакалдар соттору жөнүндө Мыйзамдын талаптары, чечимдерди даярдоо тартиби жана аткарылышы боюнча түшүндүрмөлөр берилди.


Ысык-Көл областтык сотунун төрайымы Гулкайыр Алиева азыркы учурда талаштарды жөнгө салууда аксакалдар сотторунун ролу маанилүү экенин баса белгиледи. Ар кандай соттун ишинин натыйжалуулугу алардын чечиминин аткарылышынан көз каранды. Андыктан райондук соттор тарабынан аткаруу барактарын берүү жөнүндөгү арыздардын мыйзамдын негизинде канаттандырылышын камсыз кылуу үчүн чечимдерди чыгарууда  мыйзамдын ченемдери бек сакталса, жер-жерлерде аксакалдар сотторунун аброю көтөрүлүшүнө өбөлгө болорун белгиледи. Ошону менен бирге, Г. Алиева сот органдары аткаруу барактарын берүүдөн эмненин негизинде баш тартарын түшүндүрдү.


Ысык-Көл областынын административдик сотунун төрагасы Мелис Тагаев бул ирет жолугушуу таанышып, пикир алышуу максатында уюштурулганын жана сот органдарына берилген ыйгарым укуктардын чегинде көмөк  көрсөтүп, айрым маселерди чечүүгө даяр экенин билдирди. Аксакалдар соттору жөнүндө жобону, алардын ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу боюнча колдонмо иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгилеп, аталган маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүүгө милдеттенди.


Ал эми  катышуучулар судьяларга демилгелери үчүн ыраазычылык билдиришип, эмкиде Ысык-Көл областынын мамлекеттик администрацияларынын, өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери  менен кызматкерлеринин катышуусунда кеңири  форматтагы жолугушууну уюштуруп берүүнү  сунушташты.


Жолугушуунун соңунда сот органдары тарабынан аксакалдар сотторуна усулдук жардам жана ар тараптуу кеңештерди берүү аркылуу тыгыз кызматташуу үчүн жолугушууларды уюштуруп туруу макулдашылды. Аталган иш чаралар аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү максатында өткөрүлмөкчү.


Жыйындын соңунда судьялар катышуучуларга жолугушууга келгендиги үчүн  ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалашты.


 


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева