KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жер талашы жана кыймылсыз мүлк боюнча талаштарды сотко жеткирбей чечүү маселеси талкууланды

02 сентября 2020

2020-жылдын 27-августунда  Тоң райондук сотунда жарандардын жер талашы жана кыймылсыз мүлк боюнча талаштарын сотко жеткирбей чечүү маселеси талкууланды. Иш чарага Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын  орун басары Т.  Алымбеков, Тоң райондук прокурорунун орун басары Ч. Аалиев,  Тоң райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин өкүлү А. Жангазиев, Тоң райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси А. Кошубаев,  Тоң районунун   жактоочулары      А. Апсаматов,    А. Асыйканова жана Ж. Черикбаевдер катышышты.


Кеңешмеде Тоң райондук сотунун төрайымы Асел Сыдыгалиева жер талашы жана кыймылсыз мүлктү каттоо маселелеринин сотко жеткирбей  чечүү тартиби сакталбагандыктан, доо арыздар көбөйгөнүн жана мындай көрүнүш элдин арасында сотко нааразычылык  жаратканга негиз болушу мүмкүндүгүн белгиледи.


Жыйындын соңунда катышуучулар тиешелүү мекемелерди жогоруда айтылган   маселелерди сотко жеткирбей  чечүү тартибин сактап, жоопкерчиликти алып,  жарандардын маселесин чечүүгө чакырды.  Ошондой эле жактоочуларга мыйзамда көрсөтүлгөн тартипти сактоо үчүн жарандарга туура кеп-кеңештерди берип жана  укуктарын коргоо боюнча так маалымат берүү сунушталды.


Видео-блок

Судьялык кызматка талапкерлердин резерви түзүлөт
Алмаз Калыбаев Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Алмаз Калыбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайланды
УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...