KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрагасынын кубогуна кичи футбол боюнча мелдеш өттү

29 сентября 2023

2023-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кубогуна жергиликтүү соттордун судьяларынын арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Спорттук иш-чарага жалпысынан 8 команда: жети облустун курама командалары жана Бишкек шаарынын командасы катышты.


Турнирди ачып жатып, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков катышуучуларды куттуктап, өз сөзүндө футбол биримдикти жана достукту чыңдоого жардам берген командалык оюн экенин белгиледи.


Турнирдин жыйынтыгында эң мыкты деп табылган үч командага кубок, медалдар жана дипломдор тапшырылды.


Биринчи орунду Ысык-Көл облустук сотунун командасы ээлеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын Кубогу менен сыйланды. Ал эми 2-ардактуу орунга Ош облустук сотунун командасы ээ болсо, 3-орунга Жалал-Абад облустук сотунун командасы ээ болду.


Мындан сырткары мыкты оюнчулар аныкталып, кубок жана дипломдордун ээлери болушту.


Белгилей кетсек, өткөн жылы Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кубогуна судьялар арасында кичи футбол боюнча турнир өткөн. Кийинки турнир Ош облусунда өтөрү күтүлүүдө.


Футбол калыстарынын айтымында, бардык катышуучулар татыктуу жана кооз оюн көрсөтө алышты.


 



Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...