KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот аппаратынын кызматкерлери иштерди электрондук каттоону жана электрондук учеттук –статистикалык карталарды түзүүнү үйрөнүшүүдө(АМС)

12 марта 2019

2019-жылдын 4-мартынан 16-мартына чейин жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлери үчүн электрондук каттоо жана электрондук учеттук –статистикалык карталарды түзүү маселелери боюнча эки  күндүк тренингдер  өткөрүлүп жатат.


Тренерлер катары 2018-жылдын 11-ноябрынан 14-ноябрына чейин өткөрүлгөн тренерлер үчүн тренингден окуган сот тутумунун кызматкерлери Кадыралиева А., Кудайбердиева А., Абдрасулова Н., Ажибраимов Э. чыгышат.


Иштерди электрондук каттоо жана электрондук учеттук –статистикалык карталарды түзүү- соттун автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС), сот системасындагы соттордун ишинин натыйжалуулугун жана сапатын, сот  системасындагы процесстердин ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Бул система  сотко арыз берген учурдан баштап,  анын ичинде колдо болгон бардык материалдарды, сот отурумундагы процесстик документтерди жана иш боюнча кабыл алынган соттук актыларды “электрондук ишти” түзүүнү карайт.


Тренингдер 2019-жылдын 11-мартынан 16-мартына чейин төмөнкү  тартип боюнча Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт:


1). 11-12,13-14,15-16-мартта – Бишкек шаарында;


2). 13-14,15-16-мартта Ош шаарында.


Тренингдер Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” долбоорунун жардамы менен уюштурулду.