KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык сотунун кызматкерлери мектеп окуучулары менен онлайн жолугушуу өткөрүштү

13 октября 2020

2020-жылдын 12-октябрында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, ошондой эле мектеп окуучуларынын укуктук маданиятын жана укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык соту «Кодекс менен таанышуу» темасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун экономика жана укук таануу сабактарын тереңдетип окуган №33 мектеп-гимназиясынын окуучулары менен видеоконференция өткөрдү.


Модераторлор сот бөлүмүнүн башчысы Айпери Калыбаева жана кылмыш иштери боюнча судьянын жардамчысы Өмүрбек Бекеев болушту.


Уюштуруучулар окуучуларга Жоруктар жана Бузуулар жөнүндө  кодекстер  туурасында айтып беришти.


Видеоконференциянын өткөрүлүшүндө мектеп окуучулары чоң  активдүүлүктү жана кызыгууну көрсөтүштү. Атап айтканда, алар жоопкерчиликтин пайда болушу, жасалган кылмыштар үчүн жазанын түрлөрү жана кылмыш-жаза укук бузуулары, жосунсуз жоруктар жана мыйзам бузуулар ортосундагы жоопкерчиликти чектөө тууралуу маселелер кызыктырды.