Достук жылмаюудан башталса, жай балдардын майрамынан башталат. Жыл сайын 1-июнда дүйнөнүн 30 дан ашуун өлкөсүндө Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленет. Бул майрамдык күнү Кадамжай райондук сотунун кызматкерлери тарабынан «Кут-Кадам» балдар үйүнүн тарбиялануучуларына майрамдык эртең мененки тамак уюштурулду.
Учурда “Кут-Кадам” балдар үйүндө 15 бала тарбияланууда. Балдар мындай майрамга абдан сүйүнүп, иш-чарадан кийин бардыгы жакшы таасирлерге ээ болушту.
Кадамжай райондук сотунун төрагасы Марклен Нармырзаев балдар үйүнүн кызматкерлерине балдарга аяр жана камкор мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, балдарга белектерди: канцелярдык жана спорттук товарларды, балдар тамак-аштарын жана таттууларды тапшырып, «Балдардын укуктарын коргоо — мамлекеттин эң маанилүү милдети, ошондуктан биз, чоңдор, балдар өздөрүн бактылуу сезиши үчүн бардык аракеттерибизди кылышыбыз керек» -деп белгиледи.
Жооп катары мекеменин өкүлдөрү Кадамжай райондук сотунун кызматкерлеринин балдарга көрсөткөн камкордугуна ыраазычылыктарын билдиришип, мындан аркы кызматташууга тилектештигин билдиришти.
Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Ормонов З.С.