KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Студенттер  соттук чечимдерди чыгарууну үйрөнүштү

29 ноября 2018

Кыргызстандын  10го жакын жогорку окуу жайларынын  юридика факультеттеринин студенттери 2018-жылдын  27-ноябрында  Бишкекте өткөн сот актыларын  түзүү боюнча үчүнчү  республикалык таймашта сапаттуу  жана акыйкаттуу чечимдерди чыгарганды үйрөнүштү.  Иш чарага  30га жакын студенттер жана соттук корпустун өкүлдөрү  катышышты.


Конкурстун жыйынтыгы менен  биринчи орунду  Ж.Баласагын атындагы  Кыргыз мамлекеттик университетинин  студенттери багындырса,  экинчи орунду  Борбордук Азиядагы  Эл аралык  университетинин командасы,  ал эми үчүнчү орунду  Кыргызстандагы Эл аралык  университети алды.


“ Силер- келечекте биздин ордубузду алмаштырасыңар ”, — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын  орун басары  Нургуль Асанова студенттерге кайрылып, сапаттуу соттук актыларды  даярдоо маанилүү экендигин айтты.


Сынак  оюун түрүндө өтүп,  ар бир команда “ Карыз жана күрөө” темасы боюнча бир шарттуу жарандык  ишти  карашып, командалар  бекитилген убакыттын ичинде  соттук  чечимдин долбоорун даярдашып, андан соң   калыстар тобуна презентациялашып, жеңүүчүлөр аныкталышты.  Уюштуруучулардын айтымында,   сынак  юридикалык билимди  бекемдөөгө багытталып,  анын негизги максаты —  сот адилеттиги   чөйрөсүндө юридикалык коомдун   мүмкүнчүлүгүн,  юриспруденция  жаатында адистерди  даярдоонун  сапатын жогорулатуу, ошондой эле  студенттик  жана илимий  коомчулукта  курал катары колдонуу үчүн   act.sot.kg сайтын кеңири жайылтуу болуп саналат.


“ Мен биринчи жолу  мындай сынакка катышып жатам жана мага абдан жакты.  Мурда  менде практика болгон  эмес,  эми болсо  соттук чечимдер кандай түзүлөт,  кандай статьяларды  колдонуу керек экендигин билип калдым. Бул  юрист боло турган студенттер үчүн  керек жана студенттерге болгон чоң салым болуп саналат. Ушундай сынактар көбүрөөк уюштурулуп турса жакшы болмок эле ”, — деп белгиледи Ош мамлекеттик  юридикалык  институтунун студенти  Базаргуль Курбанова.


Кыргызстандын  Эл аралык университетинин мекемесинде  уюштурулган сынакка  10 жогорку окуу жайдын 10 командасы – Ж. Баласагын атындагы  Кыргыз  улуттук универсиети,  Кыргыз мамлекеттик юридикалык  академиясы,  КР Ички иштер министрлигинин академиясы,  Кыргы-Россия  Славян  университети,  Борбор Азиядагы  Америка университети,  Кыргызстандагы  Эл аралык университет, Борбор Азиядагы  Эл аралык универсиетет, “ Ата-Түрк Ала-Тоо”  Эл аралык  университетинин,  Ош мамлекеттик  Юридикалык  институтунун,  Жалала-Абад шаарындагы  укук, бизнес жана билим берүү  Академиясы катышышты.


Соттук актыларды  түзүү боюнча  үчүнчү республикалык сынак  Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен  Кыргызстандагы  Юридикалык клиникалар  ассоциациясы менен биргеликте  “Ишенимдүү сот” программасынын алкагында уюштурулду.  Аталган  программа Кыргыз Республикасынын Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмунун филиалы (IDLO) тарабынан ишке ашып,  Эл аралык  өнүгүү  боюнча  АКШ агенттигинин  (USAID) колдоосу менен  уюштурулду.