KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Юта штатынын студенттери Жогорку сотто болушту

07 августа 2019

Бүгүн, 2019-жылдын 7-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Нургуль Асанова Юта Өрөөнүнүн университетинин студенттери менен жолугушту.


Жолугушууга аталган окуу жайдын Психология жана Социология Департаментинин профессору  Линн Ингланд,  университеттин Тарых жана Саясий  илимдер Департаментинин окутуучусу Бактыбек Абдрисаев жана окуу жайдын  студенттери катышышты.


Н. Асанова Кыргызстандын сот системасы жана анын Борбор Азия өлкөлөрүнөн айырмасын айтып берди.  Сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалар, Жогорку соттун структурасы жана сот тутумунун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.


Юта штатынын студенттери Кыргызстанда сотторго болгон ишеним кандай болуп жатканын, элдин ишенимин арттыруу боюнча  жүргүзүп жаткан аракеттер, сот арачыларынын ролу туурасында кызыгып сурашты.


Окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту студенттерди кабыл алып, бардык кызыктырган  суроолорго жооптор берилгендигин айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти.


Белгилей кетүүчү жагдай, Юта Өрөөнүнүн Университети Юта штатындагы Орем шаарында жайгашкан. Аталган окуу жайда 40 миңге жакын  студент билим алат.