KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл райондук сотунун судьясы Сыдыков Акылбек Ишенбекович мезгилсиз дүйнө салды

02 ноября 2020

Кыргыз Республикасынын судьялык корпусу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун аппарат кызматкерлери Сыдыков Акылбек Ишенбековичтин  мезгилсиз дүйнө салгандыгына  байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Сыдыков Акылбек Ишенбекович   1965-жылы 31-январда  Ысык-Көл облусунун  Балыкчы шаарында туулган.  1989-жылы  СССрдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин  аяктаган. 1989-жылдын сентябрынан 1990-жылдын январь айына чейин Рыбачье шаардык эл сотунда судьянын стажеру, 1990-1993-жылдары  Жети-Өгүз  райондук мамлекеттик нотариалдык конторасынада нотариус, жетектөөчү, башкы адис,  Ысык-Көл облусунун Юстиция башкармалыгынын бөлүм башчысы болуп иштеген.


1993-жылдын апрелинен 1998-жылдын мартына чейин  Ысык-Көл облусунун прокурорунун улук жардамчысы, облустук прокуратуранын бөлүм башчысы, Балыкчы шаардык прокурорунун   улук жардамчысы жана Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору кызматтарын аркалаган.


Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 2-декабрындагы   Жарлыгы менен  Балыкчы гарнизонунун Аскердик сотунун судьясы болуп 3 жылдык мөөнөткө бекитилген. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 4-декабрындагы   Жарлыгы менен  Балыкчы гарнизонунун Аскердик сотунун судьясы болуп 7 жылдык мөөнөткө бекитилген.


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-майындагы   №106 сандуу Жарлыгы менен  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук  сотунун судьясы болуп дайындалган.  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 4-декабрындагы   Жарлыгы менен  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук  сотунун судьясы болуп бекитилип, 2010-жылдын август айынан баштап Ысык-Көл райондук  сотунун төрагасы болуп эмгектенип келген.


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын  24-августундагы Жарлыгы менен   Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук  сотунун судьясы болуп  5 жылдык мөөнөткө дайындалган. 2016-жылдын 14-ноябрынан  2019-жылдын 27-ноябрына чейин Ысык-Көл райондук  сотунун төрагасы, 2019-жылдын 27-ноябрынан 2020-жылдын 1-ноябрына чейин райондук соттун судьясы болуп эмгектенип келген.


Сот тутуму жакындары жана туугандарынын  орду толгус оор жоготуу аза кайгысын тең бөлүшөт.