KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен областтык сотунун судьялары түз эфирде сот системасы жөнүндө маалымат беришти

22 февраля 2021

2021-жылдын 18-февралында Баткен облустук сотунун судьясы Абдимиталип Абылакимов, Баткен областынын административдик сотунун төрагасы Мелис Жаманкулов жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчынын Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Камалдин Рахматулаев Баткен  областтык мамлекеттик телерадиокомпаниясынын түз эфирине катышышты.


Уюштурулган түз эфирде сот-укуктук реформаны  ишке ашыруудагы чаралар  жана ага тиешелүү мыйзамдар жөнүндө, санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлгөн иш аракеттер тууралуу суроо жооптор болду.


Мындан сырткары түз эфирдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин ишмердүүлүгү тууралуу, судья болуу үчүн мыйзам менен белгилеген талаптар, судьянын милдети жана жоопкерчилиги жөнүндө маалымат берилди.



Видео-блок

М. Сатыев Чүй облусунун соттору менен жолугушту
Жогорку сот 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
"Элдин ишенимин актагыла! "Ош облусу боюнча иштери жакшы жана начар судьялар аталды.
М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...