Кыргыз Республикасынын сот системасындагы маалымат ресурстары
KG

Жалал-Абад шаардык сотунун судьялары аксакалдар сотторуна усулдук жардам көрсөтүштү

30 августа 2019

Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы Калмамат уулу Алтынбек жана судья  Аида Апысова Жалал-Абаш шаарынын аксакалдар сотторунун төрагалары жана мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүштү.


Жолугушуунун максаты аксакалдар сотуна мыйзамдарды колдонуу боюнча усулдук жардам көрсөтүү.


Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы Калмамат уулу Алтынбек аксакалдар соту менен болгон жолугушууда аларга көрсөтүлгөн усулдук жардам аксакалдар сотторунун иш аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулата тургандыгын  айтты.


Жолугушуунун жыйынтыгында, Жалал-Абад шаарынын аксакалдар сотторунун төрагалары жана мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча мындай жолугушууларды өз-ара кызматташууну жакшыртуу үчүн мезгил-мезгили менен уюштуруп туруу макулдашылды.