KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад областтык сотунун судьялары атайын иш сапары менен Аксы районунда болушту

10 сентября 2019

2019-жылдын 6-сентябрында Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын орун басары Токтосун уулу Каныбек, судьялар Адилет Чоноев, Марклен Нармырзаев жана Аксы райондук сотунун төрагасы Манас Дарманкулов менен биргеликте  Аксы районунда болду.  Иш сапардын алкагында Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын  биринчи орун басары Эмилбек уулу Талайбек жана райондун прокуратурасы, адвокатурасынын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, аксакалдар соту жана айыл активдери менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушуу  2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирген жаңы мыйзамдарды түшүндүрүү, кылмыштуулукту жоюу, социалдык адилеттүүлүктү орнотуу жана  медиация институту менен тааныштыруу максатында уюштурулган.


Жолугушууда сот системасында болуп жаткан соттук реформалар жана   Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды санариптештирүү саясатынын алкагындагы жасалып жаткан иш аракеттер тууралуу маалыматтар берилди.


Муну менен катар катышуучулар тарабынан  жашы жете элек балдарды көзөмөлгө алуунун жана жаш кыздарды ала качууга тыюу салуунун жолдору тууралуу, ошондой эле медиация жана юридикалык фактылар боюнча келип чыгуучу укуктук маселелер боюнча  суроолор берилип, кеңири жоопторду   алышты.


Жолугушуунун  аягында  Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын  орун басары жана областтык соттун судьялары Аксы районунун айыл өкмөттөрүнө жана айыл аксакалдарына жолугушууга келишкенине ыраазычылык билдиришип, иштерине ийгилик каалашты.


 


 


                                                            Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы.